Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынан коло байге алды
RU

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынан коло байге алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айпери Медет кызы Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды.

Кечээ ал коло байге үчүн украиналык балбан кыз Анастасия Шустова менен беттешип, аны 12:1 эсебинде жеңди.

Эске салсак, дүйнө чемпионаты күрөштүн үч түрүнөн өтүп жатат. Эркин күрөштө Алибек Осмонов коло медаль алды, Эрназар Акматалиев күмүш байгеге татыктуу болду. Ал эми Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмак категориясында алтын медалга татыды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3805