Садыр Жапаров дагы бир жолу кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды
RU

Садыр Жапаров дагы бир жолу кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды дагы бир ирет коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады.

Эске салсак, президент өзү ушул жылдын 28-июлунда эмдөөдөн өткөн.

"Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда", - деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4257