Айкөл эмес амалкөй экенсиз! Тилекмат Куреновдун жубайы Президентке кайрылды
RU

Айкөл эмес амалкөй экенсиз! Тилекмат Куреновдун жубайы Президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белек Бактыбекова, камактагы активист Тилекмат Куреновдун жубайы президент Садыр Жапаровго кат жазды.

"Айкөл эмес амалкөй экенсиз! Сиз балдарыбызды атанын мээриминен, камкордугунан ажыраттыңыз. Тилекматтын айыпталып жаткан постторунда чакырык жок, эч кандай кылмыштын курамы жок экенин 1-курстун студенти да түшүнөт. Ак жеринен камап коюп абийир таппайсыз. Сиз бийликке келсеңиз адилеттүүлүк орнойт деп үмүт арткан эле. Эсимде уулуңуз кырсыктап, таң атпай кан бергени кеткен, кан бергенге ач карын барыш керек, себеби кезексиз бериш керек болгон. Тилекмат кылган жакшылыгын эч качан милдет кылган эмес. Мен милдет кылам! Тилекматтын канын балаңыз ала жатты. Ал эми азыр Тилекматтын баласы атасын сагынып жатат. Сиз балаңыздын кырсыгына себепчи болгон адамды кечиргенде түнү бою ыйлаганы эсимде. "Мен ал кишинин ордунда болгондо, ушундай айкөлдүк кыла алат белем?"- деп өзүнөн өзү сурап ыйлаган. Көрсө сиз айкөлдүк эмес эле амалкөйлүк кылыптырсыз. Эл көзүнө боорукер, айкөл, адилеттүү көрүнүп саясий упай топтоптурсуз.

Тилекматты түрмө, жокчулук өлүм менен коркута албайсыз. Ал эки сүйлөгөндөн, намысын тебелеткенден коркот.

Бизге жардам бергенге эч ким милдеттүү эмес. Бирок жардам берип жаткандарга үй-бүлөбүздүн атынан рахмат айтам. Билебиз бул күндөр өтөт, болгону балдарыбыздын ата мээримин көрбөй өткөзгөн күндөрүнүн орду толбойт.

Мүмкүн бейиши болгур ошол уулуңуз тирүү болгондо аталап жатып Тилекматты ак жеринен каматпай алып калмак...", - деп Белек Бактыбекова жазган.

Эске салсак, Тилек Куренов ушул жылдын март айында камакка алынган. 9-март күнү ал "Ак үйдүн" алдында Конституциянын жаңы редакциясына каршы өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болчу. Ал социалдык тармактарга жазган посттору үчүн соттолуп, бир жарым жылга кесилип кетти.

Белгилей кетсек, Куренов "Бийликти күч колдонуп басып алууга ачык чакыруу", "Массалык башаламандыктарды уюштуруу", "Кол салуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4478