Блогерлерден унаа алган айдоочу эмоциясы менен бөлүшүп, документтерин көрсөттү(видео)
RU

Блогерлерден унаа алган айдоочу эмоциясы менен бөлүшүп, документтерин көрсөттү(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Эгеммир Апсаматов россиялык блогерлер Гусеин Гасанов менен Арутюн Назаряндын белеги тууралуу эмоциясы менен бөлүштү.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрү популярдуу инсандар экенин билген эмес. Алардын белеги күтүүсүз болгон.

"Мен аларды бекер жеткирдим. Алар блогер болуп чыкты, бирок мен аларды таанычу эмесмин", - дейт толкунданган айдоочу.

Ал буга чейин унаа, ачкыч алган, ага бардык документтер түзүлгөн. Ал киши блоггерлерге жана азыр аны колдогондордун баарына ыраазычылык билдирет.

Ал киши Instagram баракча ачкан. Анын кызына жасала турчу операция тууралуу окуясынан кийин комментарийлерде үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар көп болгон. Кызынын операциясына каражат чогултууга жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттерин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4482