Акылбек Жапаровду мурда издөөгө салынган транспорт министри коштоп жүрөт
RU

Акылбек Жапаровду мурда издөөгө салынган транспорт министри коштоп жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында түштүк борборду өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, долбоор туруктуу транспорт инфраструктурасын камсыздайт, маданий жана табигый мурасты сактап колууга жардам берет, сапаттуу жана кымбат эмес турак жайды жеткиликтүү кылат, экологиялык жактан туруктуу урбанизациянын масштабын кеңейтет.

Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Ак-Буура дарыясындагы горизонталдуу суу тосмосунун долбоору менен таанышты. Анын курулушу Оштун тургундарын толук көлөмдө таза суу менен камсыздайт.

Андан тышкары, Акылбек Жапаров Оштогу Т-сымал жолдун долбоорун көрдү. Анын салынышы шаардагы борбордук көчөлөрүндөгү тыгын көйгөйүн чечет.

Кызыгы, Ошко болгон иш сапарында министрлер кабинетинин төрагасын бардык жерде парламенттин мурунку депутаты, мурунку транспорт министри Нурлан Сулайманов коштоп жүрдү. Ушундай эле көрүнүш быйыл жайында да байкалган. Ал кезде Жапаров Экономика жана финансы министри болчу.

Азыркы тапта Сулайманов эмне кызматты аркалап жатканын белгисиз. Божомолдоолор боюнча, анын айрым долбоорлорго тиешеси бар. Сүрөттөрдү карап, Сулайманов Жапаровго долбоордун ишин түшүндүрүп жатканын байкоого болот.

Белгилей кетчү жагдай, кабминдин басма сөз кызматынын сүрөттөрүндө Сулайманов көп байкалбайт. Аны же капталынан же артынан тартышкан. Толугу менен социалдык тармакка жайылып кеткен сүрөттөрдө гана көрүүгө болот.

Нурлан Сулайманов 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Сулаймановго карата кылмыш иши козголуп, парламентарий кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоолор тагылган. 2012-жылы Сулайманов үч айга дарыланууга Германияга учуп кеткен. Өлкөгө жети жылдан кийин 2019-жылы кайтып келген. Кийин ага карата кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4868