Россия мигранттар үчүн жаңы эрежелерди киргизди
RU

Россия мигранттар үчүн жаңы эрежелерди киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Россияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт.

Манжа изин каттатуу үчүн Россиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуулары зарыл. Бул үчүн чет элдик жарандар паспортун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалымкатын ала барууга тийиш.

Манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Россияга кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз болот.

Бул милдеттерди аткарбаган жарандардын Россияда калуу мөөнөтү кыскартылат.

Россияга иштегени эмес, башка максатта барган Кыргызстандын жарандары бул өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып жана сүрөткө түшүп, медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек.

Милдеттүү жол-жободон алты жашка чыга электер, мурда манжа изин жана сүрөткө түшкөндөр бошотулат.

Россияда расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4975