"Шамбала" тасмасы Иранда өткөн фестивалда жети сыйлыкка ээ болду
RU

"Шамбала" тасмасы Иранда өткөн фестивалда жети сыйлыкка ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-31-декабрь күндөрү "Шамбала" тасмасы Иранда өткөн Moving Film фестивалында жети сыйлык алды. Бул маалыматты "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.

Тасма мыкты оператор, мыкты композитор, эң мыкты үн режиссеру, мыкты монтаж, мыкты макияж, мыкты костюм, мыкты визуалдык эффект (VFX) деген категориялар боюнча сыйланды.

Белгилей кетсек, режиссер Артыкпай Сүйүндүков "Шамбала" тасмасын Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартткан. Тасмада чоң апасынын колунда чоңойгон, бийик тоолуу аймакта тарбияланган режиссёрдун балалыгы баяндалат. Кичинекей Орозбек күн сайын мектепке жетүү үчүн алыскы жолду басып, дарыяны кечип өтүүгө аргасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5020