Кыргыз бийлиги Казакстандагы кырдаалга комментарий берди
RU

Кыргыз бийлиги Казакстандагы кырдаалга комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коңшу Казакстандагы кырдаалга кыргыз жетекчилиги реакция жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы азыркы кырдаалга көз салууда. Кыргыз тарап казак элинин жалпы жыргалчылыгына жана өлкөнүн келечегине багытталган туура жана эки тарапка тең алгылыктуу чечим табууга болот деп ишенет", - деди Султанбаев.

Эске сала кетсек, Казакстанда бир нече күндөн бери массалык нааразылык акциялары уланууда. Казакстандын батышындагы Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында жекшембиде суюлтулган газдын кымбатташына каршы башталган митингдер өлкө боюнча нааразылык акцияларына чейин жетти. Президент Алматы, Нур-Султан жана Мангистау облустарында 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Өкмөт отставкага кетти. Ошого карабастан өлкө боюнча нааразылык акциялары уланууда. Азырынча эң олуттуу жоготуулар жана кагылышуулар Алматыда болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5051