Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешин президент Токаев өзү жетектейт
RU

Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешин президент Токаев өзү жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасады.

Ал Нурсултан Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы эмес экенин билдирди. Токаев бул кызматка бүгүнтөн баштап өзү киришерин айтты.

Президент борбордо экенин, эч жакка кетпей турганын билдирди.

"Мен мүмкүн болушунча катаал аракеттенем деген ниетим бар. Бул мамлекеттик коопсуздук маселеси. Мен борбордо болуп, эл менен бирге болом", - деди ал.

Эске сала кетсек, Казакстанда бир нече күндөн бери массалык нааразылык акциялары уланууда. Казакстандын батышындагы Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында жекшембиде суюлтулган газдын кымбатташына каршы башталган митингдер өлкө боюнча нааразылык акцияларына чейин жетти. Президент Алматы, Нур-Султан жана Мангистау облустарында 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Өкмөт отставкага кетти. Ошого карабастан өлкө боюнча нааразылык акциялары уланууда. Азырынча эң олуттуу жоготуулар жана кагылышуулар Алматыда болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5052