Украинадан Кыргызстандын жарандары чыгарылабы? Тышкы иштер министрлигинин жообу
RU

Украинадан Кыргызстандын жарандары чыгарылабы? Тышкы иштер министрлигинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы Тышкы иштер министрлигине Украинадан кыргызстандыктардын эвакуацияланышы мүмкүнбү деген суроо узаткан. Ага бүгүн, 24-февралда Консулдук кызмат башкармалыгынан Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кадимки режимде иштеп жатканын билдиришти.

КР Тышкы иштер министрлиги элге кайрылып, Украинанын мыйзамдарын жана тиешелүү эрежелерин сактоону, бардык зарыл болгон жеке коопсуздук чараларын көрүүнү жана ал жакка барууну пландап жаткандар саякаттоодон баш тартууну сунуштады. Ошондой эле, ал өлкөдөн чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандары элчиликке кайрылса жардам беришет.

Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаары, Печерский району, Редутный проспектиси, 19/34 дареги боюнча жайгашкан.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин байланыш телефондору: +380 997 57 34 13, +380 442 37 03 46, +380 442 37 03 48 (элчиликтин WhatsApp номери).

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматы департаменти: 0551 31 20 00 (ишеним телефону), 0703 42 88 65, 0709 98 34 65, 0554 06 52 15.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5694