Той жана сөөк коюу жарлыгын ишке ашырууга полиция тартылды
RU

Той жана сөөк коюу жарлыгын ишке ашырууга полиция тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери президенттин той жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү чаралары жөнүндө жарлыгынын алкагында "профилактикалык жыйындарды" өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жолугушуулар учурда Жети-Өгүз районунда өтүүдө.

"Иш-чаранын жүрүшүндө райондук милиция кызматкерлери ысырапкорчулук жана ашыкча чыгым калктын үй-бүлөлүк бюджетине терс таасирин тийгизээрин түшүндүрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5888