Депутат Эрнст Акрамовго үй алып бергиле деп суранды
RU

Депутат Эрнст Акрамовго үй алып бергиле деп суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев хирург Эрнст Акрамовго үй берилсин деп бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште өткөн жыйында суранды.

Анын айтымында, эки күндөн бери Кыргызстандын баатыры, хирург Эрнст Акрамов жумушу жок жана үйү жок калды деген сөздөр талкууланып жатат.

"Карап көргүлөчү, турак жай берүү мүмкүнчүлүгү бар болу бекен. Ал парламенттин депутаты болгон, өлкөнүн баатыры, жашоосуна ылайыктуу шарт түзүп берсек жакшы болмок. Адамгерчиликтүүлүк кылмакпыз", - деп Масалиев спикер Талант Мамытовго кайрылды.

Эске салсак, 14-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканада Эрнст Акрамовдун институтун жапканын журналисттерге айткан.

Анын айтымында мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалды. "Бирок Акрамовду кайда жиберем билбейм. Ал иштебейт да. Ошол жерде жашайт экен. Мейли, жашай берсин. Мен ага айттым, куубай эле кой деп. Мейли, жашай берсин. Анын үйү жок, туугандары жок. Жашай берсин ошол жерде", деп министр айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5998