Матраимовдордун мурдагы жактоочусу Канатбек Азиз жетекчилик кызматка келди
RU

Матраимовдордун мурдагы жактоочусу Канатбек Азиз жетекчилик кызматка келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп Канатбек Азиз дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 23-августта президенттин администрациясынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Канатбек Азиз 2020-жылы Райымбек Матраимовдун ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча ММКларга каршы иш боюнча доогерлердин жактоочусу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8044