Төкмө акын Баян Акматов кырк жылкылуу болду
RU

Төкмө акын Баян Акматов кырк жылкылуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Баян Акматов менен жубайы кырк жылкылуу болушту. Алар төртүнчү ирет ата-эне болгонун Kaktus.kg сайтына ырастады.

Кубанычы менен бөлүшкөн акын кызы бүгүн, 6-сентябрда жарык дүйнөгө келгенин айтты.

"3 уулдан кийин кыздуу болдук. Кызыбыз бүгүн, 6-сентябрда төрөлдү. Азырынча ысым тандай элекпиз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8231