Референдум 11-апрелде өтөт. 94 депутат "макул" деп добуш беришти
RU

Референдум 11-апрелде өтөт. 94 депутат "макул" деп добуш беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 11-мартта Конституция боюнча референдумдун өткөрүлүшүнө экинчи жана үчүнчү окууда добуштарын беришти.

Эске салсак, Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыселди Момбеков бул маселенин күн тартибине коюлушуна каршы чыгышкан. Алардын айтымында, мыйзам долбоорго биринчи окууда добуш берүүдө регламент бузулган, ошондуктан долбоорду кайра добуш берүүгө жиберүү керектигин билдиришкен.

Андан тышкары, депутаттардын айтымында, Конституциялык мыйзам чыгаруу комитети мыйзам долбоорду карап чыгуу үчүн жыйын өткөрбөй туруп палатага киргизишкен.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков чечим сурамжылоо аркылуу кабыл алынганын айтып, бардык алты фракциянын чечимдери бар экенин билдирди.

Талаш-тартыштардан кийин Талант Мамытов жаралган суроолор такталгандан кийин добуш берүүнү бүгүнкү күнгө дайындоону чечти.

Добуш берүү учурунда 100 депутат каттоого алынган. Мыйзам долбоорго 94 депутат "макул" деп добуш берип, алтоо каршы болушту. Алар: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бакыт Жетигенов, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Чынара Урумкалиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/923