Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду. Сүрөт
RU

Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үйдүн ордуна балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев курулуш иштери аяктап калганын айтып, имараттын сүрөттөрүн жарыялады.

"Эсиңерде болсо Жибек-Жолунда жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо "булар басып алды, ээлеп алды, эми өздөрүнө үй салат экен" деген ушактар тараган. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имаратты куруу аяктап калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет", - деп жазат Туманбаев.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү балдар үчүн реабилитациялык борбор болорун, курулуш иштери башталганын кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9518