Президент ЖМК боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун курамын бекитти
RU

Президент ЖМК боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун курамын бекитти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемеге ылайык, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргенин президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек.

Жумушчу топтун курамы:

  • Мурат Укушов - президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, жумушчу топтун жетекчиси.
  • Алмаз Айылчиев - президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
  • Туратбек уулу Акылбек - президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти.
  • Сыягүл Караман - президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти.
  • Салкын Сарногоева - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси.
  • Шеримкул Мамытканов - Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды башкаруунун административдик-мамлекеттик жана соттук-укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси.
  • Семетей Карыпкулов - Bulak.kg маалымат агенттигинин өкүлү.
  • Нурдин Дүйшөнбеков - "Журналисттер" коомдук уюмунун өкүлү.
  • Махинур Ниязова - 24.kg маалымат агенттигинин өкүлү.
  • Ахмат Алагушев - "Медиа полиси институту" коомдук фондунун өкүлү.
  • Жылдыз Азыкова - "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү.
  • Эдиль Жаныбеков - "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү.
  • Дина Маслова, Kaktus.media порталынын негиздөөчүсү.
  • Кайыргүл Урумканова, Govori TV маалымат агенттигинин жетекчиси.
  • Дильбар Алимова, "ПолитКлиникиа" медиасынын жетекчиси.
  • Гладис Темирчиева - Vesti.kg маалымат агенттигинин өкүлү.
  • Кубат Оторбаев, журналист.
  • Нуржан Мусаева - "Медиа өнүктүрүү борбору" коомдук фондунун өкүлү.
  • Дмитрий Ложников, "Апрель" сайтынын жетекчиси.
  • Нурбек Сыдыков - "Медиа полиси институту" коомдук фондунун өкүлү.
  • Тамара Валиева, Кыргызстандын медиа аракеттер платформасынын төрайымы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9535