Нарында диний экстремисттик кыймылдын мүчөсү эл алдында агымдан баш тартты
RU

Нарында диний экстремисттик кыймылдын мүчөсү эл алдында агымдан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний экстремистик агымдын идеяларын активдүү жайылтканга шектелип Нарын шаарынын тургуну кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 5-декабрда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жана облустук дин кызматкерлери менен биргеликте А.Н.М. аттуу тургунга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын натыйжасында тургун тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында моюнга алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты.

УКМК тарабынан диний экстремисттик идеяларды жайылтуунун алдын алуу жана "Йакын-Инкар" агымынын мүчөлүгүнөн чыгарууга багытталган иштер улантылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9539