Кара-Балтадагы ишкердин өлүмү. Шектүү мурда милиция кызматкери болгон
RU

Кара-Балтадагы ишкердин өлүмү. Шектүү мурда милиция кызматкери болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтада ишкерди атып кеткенге шектүү жаран кармалды. Ал мурда милиция кызматкери болгонун Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан шектүү 8-декабрда кармалганын ырасташты.

Маалым болгондой, ишкер Х.И`нин өлүмүнө 1993-жылы туулган Д.Б. шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилегендей, кылмышка таарыныч себеп болгон. Анда 2022-жылдын июнь айында Х.И. кылмышка шектүү Д.Б`ны сүзүп, күнөөсүн мойнуна албай, сөгүнүп, окуя болгон жерден качып кеткени айтылат.

Бүгүн, 9-декабрда Жайыл райондук сотунун чечими менен шектүү Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9564