Президенттин катышуусундагы футболдук беттеш старт алды. Сүрөт
RU

Президенттин катышуусундагы футболдук беттеш старт алды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтүүчү "Мурас" достук турнири старт алды.

Бүгүн, 14-декабрда иш-чаранын ачылышы "Газпром балдарга" дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды кезектеги салттуу "Мурас" оюндардын башталышы менен куттуктап, биринчи турнир өткөн жылы белгиленген кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналганын эске салды.

Садыр Жапаров былтыркы жылы 6 команда катышканын, экинчи турнирге 12 команда, учурда 16 команда болгонун жана муну менен мындай турнирге кызыгуу күчөгөнүн белгиледи.

Ал мелдештин максаты сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9599