Президенттин катышуусундагы футболдук беттештин жеңүүчүлөрү аныкталды
RU

Президенттин катышуусундагы футболдук беттештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-декабрда "Мурас" достук турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Плей-офф баскычында:

"Президенттин командасы" – "Элчилер";

"Спорт Жылдыздары" – "Спорттук федерациялар";

"Коопсуздук" – "Ден-Соолук";

"Ыйман" – "Достук" командалары беттешти.

Анда "Спорттук федерациялар" командасы жеңишке жетип, өтмө Кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

"Президенттин командасы командасы 2-орунду ээлеп, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ал эми 3-орунду алган "Коопсуздук" командасына 200 миң сомдук сертификат ыйгарылды. 4-орун үчүн "Достук" командасына 100 миң сом тапшырылды.

3 номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:

  • "Спорт жылдыздары" командасынын оюнчусу Абдужалил Юнусов турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды;
  • турнирде 7 гол киргизген "Спорттук федерациялар" командасынын оюнчусу Аскарбек уулу Эрали мыкты чабуулчу аталды;
  • турнирдин мыкты оюнчусу деп "Достук" командасынын өкүлү Эмилбек Абсаматов таанылды.

Белгилей кетсек, 14-декабрда тайпалык баскычта чейрек финалга президенттин командасы, "Спорт федерациялары", "Коопсуздук" жана "Достук" командалары чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9615