Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү
RU

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 16-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

"Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9635