Килиан Мбаппе "Алтын бутса" сыйлыгын жеңди
RU

Килиан Мбаппе "Алтын бутса" сыйлыгын жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын эң мыкты бомбардири Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду.

Ал Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен болгон беттеште хет-трик жаратты. Бул мундиалда Килиан Мбаппе жалпы 8 гол киргизип, бомбардирлердин тизмесинде биринчи орунду ээледи. Ал эми аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 7 гол менен экинчи орунга жайгашты

  • Килиан Мбаппе 1998-жылы 20-декабрда Францияда төрөлүп, Бондиде чоңойгон.
  • Мбаппе улуту боюнча француз.
  • 6 жашынан баштап өзүнөн улуу футболчулар менен машыга баштаган.
  • 14 жашында "Реалдын" курамына чакыруу алган, бирок атасы каршы чыгып койгон.
  • "Монако" клубуна кошулган Мбаппе 16 жашында Франция чемпионатында дебют жасаган.
  • Мбаппеге кызыгып, алуу үчүн кезекке турган командалар кезекке турганы менен ал Франциядан кетүүгө ашыкпай келет.
  • Эң кымбат футболчулардын бири. Анын гонорары 300-350 миллион евро экенин ПСЖнын жетекчилиги айткан. Ал эми "Реал" Мбаппеге мындан дагы көп сумма сунуштаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9650