Кыргызстан президенттин мамлекеттик иш сапарлары үчүн жеке менчик учак алат
RU

Кыргызстан президенттин мамлекеттик иш сапарлары үчүн жеке менчик учак алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан чет өлкөлөргө иш сапары менен барчу делегация үчүн чакан учак алат. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Айтымында, бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат.

"Бул Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагы болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттери үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9655