Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды
RU

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен.

"Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Аскар Акаевге бир нече беренелер боюнча айып тагылган. Тагыраагы, 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен келишим түзүүгө жана 2003-жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоого байланыштуу болчу. Кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулду", - деп белгилешти Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан

Эске салсак, Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин Бишкекке эки жолу учуп келип, Кумтөр иши боюнча УКМКда сурак берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9902