Орозайым Нарматова үй камагына чыкты
RU

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо отурган Орозайым Нарматованын абалы оор болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу камакка алынган активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

"Азыр ооруканада. Тезирээк сакайып кетишин каалайм, аны ушундай абалга алып келишкени өкүнүчтүү", - деди ал.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Kaktus.media сайтына Нарматова үй камагында экенин ырасташып, жүрөгүндө маселе болуп жатканын айтышты.

"Биринчи Май райондук сотунун 30-январдагы чечими менен Нарматовага карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы 2023-жылдын 20-февралына чейин үй камагына өзгөртүлдү", - дешти соттон.

Эске салсак, Орозайым Нарматова Кемпир-Абад маселеси боюнча Россияда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген. 29-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нарматова 2 айга СИЗО-1ге камакка алынган.

27-декабрда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралып жатканда Нарматова эс-учун жоготуп жыгылган. Ага "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Нарматованын бөгөт чарасын карап, 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (40 статей)
СИЗОдогу Клара Сооронкулованын абалы начарлады
28 Март 2023, 11:23
Кемпир-Абад боюнча кармалгандар дарыгерлер менен ооруканаларга даттанышты
27 Март 2023, 16:17
Равшан Жээнбеков Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышат
27 Март 2023, 14:35
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10130