Бишкекте чет элдик жаранды пранкка салган блогерге 5500 сом айып салынды
RU

Бишкекте чет элдик жаранды пранкка салган блогерге 5500 сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик жаранга тийишип, аны тамашага салмакчы болгон блогерге айып пул салынды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Белгилүү болгондой, блогер 5500 сом айыпка жыгылган.

"1-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ө. Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Ага ылайык, мамлекеттин эсебине 55 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, башкача айтканда, 5 500 сом айып салынды", - дешти соттон.

Буга чейин, 22-февралда социалдык тармактарда блогер жосунсуз кылыгы менен чет элдик жаранды пранкка салган. Анын тамашасы социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, аны жоопко тартуу талабы коюлган. Ошол эле күнү блогер кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Эртеси күнү жорук жасаган тиктокчу кечирим сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10615