Болот Темиров: Соттун чечими менен талашууга дагы эле мүмкүнчүлүгүбүз бар
RU

Болот Темиров: Соттун чечими менен талашууга дагы эле мүмкүнчүлүгүбүз бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү иликтөөчү журналист, Temirov Live долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2022-жылдын 23-ноябрында соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылганы боюнча Archa.media сайтына комментарий берди.

Айтымында, ал Россияда бир нече айдан бери жашаганга мажбур болууда жана өлкөгө кайтуу үчүн акырындан документтерди калыбына келтирүүдө.

"Соттун чечими менен талашууга дагы эле мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анын үстүнө Кыргызстан эл аралык уюмдардын мүчөсү. Мен төрөлгөндөн бери кыргызстандыкмын", - деди Темиров.

Журналист кошумчалагандай, анын дарегине Кыргызстандын жараны болбогондуктан иликтөө жүргүзүүгө укугу жок деген дооматтар түшүп жатыптыр.

"Алар паспортту алып коюшту. Бирок бул сөздөрдү пропаганданын элементтери десек болот. Мен өлкөдө жүргөндө да бул сөздөр айтылып, бизге кандай гана айыптарды тагышып, жаманатты кылышты. Бирок биз [долбоор] өз ишибизди улантуудабыз жана бийлик жашырып жаткан нерсени - уурулукту, коррупцияны, кылмыштуулукту, тууганчылыкты, жакындарын кызматка дайындоону ачып жатабыз. Ушундай жол менен биз аракет кылып жатабыз. Алар эмнени ойлоп тапса дагы бул пропаганданын дагы бир элементи болот. Бирок биздин миссиябызды өзгөртпөйт", - дейт Темиров.

Журналист иликтөө жасоо маанилүү экенин, эл фактыларга таянарын белгиледи.

"Адамдар жаман иштерди жасоону токтотот, себеби, бул туурасында журналисттер айтып чыгарын билишет.

Журналисттердин алдында чоң миссия турат. Журналистика Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өсүшүнүн пайдубалы боло алат. Команда азыр кадимкидей иштеп жатат, бирок ар кандай провокация болушу мүмкүн. Биз кысымга, атүгүл, маалыматтарга бөгөт коюп, жапканына да даярбыз. Жаңы ыкмалар бар. Биз ар дайым жолун табабыз", - деди Темиров.

Журналист ошондой эле шаардын борборуна 321 миллион долларга мейманкана жана 51 миллион долларга мечит курууга инвестор болгон Хабибула Абдукадырдын коомдук мейкиндикте пайда болушуна токтолду.

"Алардын бардыгына мониторинг жүргүзүүнү улантабыз. Кыргызстан шылуундардын, криминалдык акчалардын кир жуучу жайына айланып баратат. Бийлик легалдаштыруучу жайга айланып баратат, эртеби-кечпи бул мамлекетибизге да таасирин тийгизет. Бул өлкө үчүн алыска алып барбаган чечим".

Темиров кошумчалагандай, журналисттер хроникалык функцияны аткарышат, алардын иликтөөлөрү кийин кылмыш ишин козгоого негиз болуп калышы мүмкүн.

Эске салсак, Темиров 2022-жылы 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду "Баңгизаттарды сактоо жана колдонуу", "Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча актаган. Ал эми жасалма документтер боюнча күнөөлүү деп таап, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз калтырылган.

23-ноябрда соттун чечиминен кийин иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11014