Ташиев, Зулушев жана мурдагы спикер соттук отурумга келишти
RU

Ташиев, Зулушев жана мурдагы спикер соттук отурумга келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" деп аталган иш боюнча соттук отурум болду.

Отурумга УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, парламенттин мурдагы төрагасы Нарланбек Тургунбек уулу келишти. Бирок айыпталуучу Бекболот Талгарбековдун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу сот бир нече саатка жылдырылды.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында кызматтан бошотулган. Кийинчерээк Камчыбек Ташиевге карата "75чилердин каты" боюнча кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууну пландаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул ишке дагы 7 адамдын катышы бар. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар. Иштин материалдары жашыруун сакталып, сот отурумдары жабык өтүүдө.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (19 статей)
"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
2 Июль 2026, 21:22
"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
2 Июль 2026, 17:13
Прокурорлордун 9 жыл сураганын Нурланбек Тургунбек уулу "абсурд" деди (видео)
2 Июль 2026, 11:43
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17894