Сотко келген мурдагы спикер менен депутат кат боюнча үн катты
RU

Сотко келген мурдагы спикер менен депутат кат боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" деп аталган иш боюнча сот отуруму өтүүдө.

Анда айыпталуучулардын бири Нурланбек Тургунбек уулу кат кайсы жагдайда Жогорку Кеңешке түшкөнүн билбей турганын айтып, документти көрбөгөнүн жана окубаганын билдирди. Ал кат чыккан учурда Түркияда болгонун кошумчалады.

Курманкул Зулушев болсо иш жашыруун экенин айтып, соттук териштирүүдөн кийин гана толук маалымат ачык болорун билдирди.

Ошондой эле бул иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, андан тышкары Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмил Узакбаев айыпталуучу катары өтүүдө.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (19 статей)
"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
2 Июль 2026, 21:22
"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
2 Июль 2026, 17:13
Прокурорлордун 9 жыл сураганын Нурланбек Тургунбек уулу "абсурд" деди (видео)
2 Июль 2026, 11:43
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17897