Автобус тебелеп кеткен баланын өлүмү. Транспорт ишканасынын 2 кызматкери кармалды
Бишкекте автобус тебелеп кеткен жеткинчектин өлүмүнөн кийин "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын инженери жана диспетчери камакка алынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу Б.К. Ленин райондук соту тарабынан 193-берененин 1-бөлүгүндө (мас абалында унаа айдоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы аныкталган.
"Соттун бул чечими күчүнө киргенине карабастан "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери айдоочуну коомдук транспортту айдоодон четтетпей, иштөөгө жол беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Мунун негизинде 315-берененин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, диспетчер (1979-жылы туулган Ш.К.) жана инженер (1970-жылы туулган Т.У.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Эске салсак, 13-июлда Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен автобустун айдоочусу 10 жашар баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеткинчек каза болуп калган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу соттун чечими менен камакка алынган.

