Орозайым Нарматова: Мени арткы эшиктен чыгарып, аэропорко жеткиришти
RU

Орозайым Нарматова: Мени арткы эшиктен чыгарып, аэропорко жеткиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орозайым Нарматова Kaktus.media сайтына Оштон Бишкекке жеткирилишинин себептери жана аны кармоого ким буйрук бергенин айтып берди.

Анын айтымында, ал Ош аэропортуна келгенде эле дароо милиция кармап кеткен.

"Мага бул Боромбаевдин чечими экенин айтып, Бишкекке келгенде кайра коё беришти. Мени күбө катары суракка алганда ал кырдаалга баа берип жооп бере албадым. Анткени байкемдин жаназасы болуп үч күн уктабай, жаман абалда жүргөм ",- деди Нарматова.

Ал тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койгондуктан, кармалышынын себеби тууралуу толук маалымат бере албасын белгиледи.

"Негизи алар көп деле суракка алган жок. Өзүмдүн өмүр баянымды жана Москвада эмне жумуш кылганым тууралуу гана айтып бердим", - деп түшүндүрдү Нарматова.

Мындан тышкары, эмне үчүн ИИМдин имаратына аны колдоп келген адамдардын алдына чыга албаганын айтты.

"Алар мени арткы эшиктен алып чыгып, аэропортко өздөрү жеткиришти. Эртең менен учуп кеттим. Жумуштар менен эмес, жеке маселелер боюнча. Азыр эмне болуп жатканын билбейм. Менин ишим жабылды окшойт. Аны адвокаттан сурашыбыз керек", - деп жыйынтыктады Орозайым Нарматова.

Эске сала кетсек, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Ош аэропортунда кармалган. Ал таң эрте Россияга учмак.

Нарматованын иши Жазык кодексинин 313-беренеси – "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштө каралган болчу

10-сентябрда Орозайымды Бишкекке алып келишкен. Ички иштер министрлиги аны күбө катары суракка алып, кайра коё беришкенин билдиришкен. 27 жаштагы Орозайым Нарматова фейсбук баракчасы аркылуу азыркы бийликти көп сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3519