Бийликти басып алуу иши. Негизги маалымат бир материалда
RU

Бийликти басып алуу иши. Негизги маалымат бир материалда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова кармалгандан кийин депутат Бастан Бекешев бийлик ушуну менен токтоп калбайт, камакка алуулар дагы болот деп айткан эле. Бул шайлоо алдында өз талапкерлер үчүн жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери имиш. Анын айтканы туура чыкты.

Бир нече күндөн кийин ИИМ ички иштер министрлигинин жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановду бийликти басып алуу аракетин көрдү деп айыптап, камакка алды. Бир нече саясатчы жана учурдагы депутаттар суракка чакыртылды. Бирок буга эмне себеп болду?

Күмөн жараткан аудио жаздыруу

Facebook тармагында "Кыргыз Элим Омурбеков Бекзат" деген аккаунт бир аудио жаздырууну таркатты. Анда Курсан Асанов Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын депутаттыкка талапкер Алмаз Сарыбаев менен 2020-жылдагы шайлоодо сүйлөшүп жаткан өңдүү.

Аудио жаздыруунун сапаты начар, фонунда музыка угулуп турат, айрым фразаларды түшүнүү мүмкүн эмес. Титрлерде алардын сөзү деп, текст кетет. Курсан Асанов деп атаган кишиси, ага Жанар келип, курал барбы деп сурайт. "Ооба" деген жооптуу уккандан кийин жигиттер чыгып, бийликти басып алууга даяр, деп жооп кайтарат.

"Мен ага кой дедим. Катаниге барып, эмне болду десем, уже болду, күзүндө көтөрүлүш дейт. Мелис келет, мас баягыдай...Жыйырма бала менен жүрөт", - деп Курсан Асанов айтат. Бирок ал фамилияларын атаган жок, ал эми титрде депутат Жанар Акаев, жана ИИМдин экс жетекчиси Мелис Турганбаев деп жазылып жүрөт.

Андан кийин "Алмаз Сарыбаев" сүйлөп, Чалдобардан, Токмоктон да балдар бар экенин билдирет. "Курсан Асанов" "Сарыбаевден" кайсы партиядан чыгып жатканын сурайт. Тиги "Кыргызстан" партиясынан деп жооп берет.

Анда "Курсан Асанов" Канат менен Туйгуналы Чүйдөн болот, "вообще высший болот" деп айтат. Бирок фамилияларын атабайт.

Ушул аудио жаздыруу Курсан Асановду камакка алууга негиз болду. ИИМдин маалыматы боюнча, Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, Баш мыйзамды бузуп, бийликти күч менен басып алганга активдүү аракет кылып, даярдык көргөнү аныкталды. Ошондон улам, шектелүүчу катары Бишкектин ИИБсинин убакытлуу кармоочу жайына жеткирилген.

Атамбаевди да унутушкан жок

Kaktus.media'га түшкөн маалыматка ылайык, Бийликти күч мен басып алуу иши боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев да шектүү катары каралууда. Анын адвокаты Сергей Слесарев жакталуучусуна 2020-жылдын октябрындагы массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелгендиги тууралуу билдирүү берилгенин айтты. Атамбаевди 5-6- жана 9-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыпташууда.

Жалгыз эле аудио жаздыруу эмес

Кечээ, 15-сентябрда, ИИМге сурак берүүгө Туйгунаалы Абдраимов, Канат Исаев, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Алмаз Сарыбаев, Бакыт Жетигенов, Исмаил Исаков жана Ахматбек Келдибеков чакыртылган.

Kaktus.media укук коргоочу органдардын Абдраимовду алып кетип жаткан учурун видеого тартып алган.

Ал башка саясатчылардай эле сурак берүүгө аудио жаздыруунун негизинде эмес, маданият кызматкерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусунун негизинде чакыртылган. Социалдык тармакта кат таратылган, анда Чүй облусунун мурунку губернатору жана БШКнын экс-жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурунку министрдин орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Исмаил Исаков, 2020-жылы "Чоң Казат" партиясынан талапкер Азамат Мусакеев 17-сентябрда Атамбаевдин туулган күнүнө карата көчөгө 100 миң кишини чыгарып, бийликти кулатууну көздөп жатышат деп айтылган. Кат жазып кайрылгандар митингден тажап, аларды токтотууну суранышкан.

Кайрылуунун алдында маданияттын отличниги Сонунбүбү Кадырова, эл акыны Меңди Мамазаирова, профессор Үмүт Култаева, эл артисти Шайгүл Алсеитова, эмгек сиңирген артист Абаз Чикеев, эстрада ырчысы Венера Пирматовалардын аттары аталган. Алардын ичинен Кадырова менен Пирматов гана кол коюшкан.

Президентке кайрылуу социалдык тармактарга жайылып кеткенден кийин Мамазаирова менен Култаева өздөрүнүн Facebook баракчасына алар митингге каршы экенин бирок президентке кайрылуу катынын текстин көрбөгөнүн жана ага кол койбогондугу тууралуу пост жазышкан.

Сурактан кийин

Сурактан кийин журналисттерге чыккан саясатчылар, сурактын деталдарын айтып бере албастыгын билдиришти. Анткени, сырды ачпоо тууралуу документке кол коюшкан экен.

Алтынбек Сулаймановдун пикири боюнча, суракка чакыртуу - бул саясатчыларга же алар менен кошо аттангандарга карата кысым көрсөтүү аракети болушу мүмкүн.

Садыр Жапаров менен бир ай мурун жолукканын, шайлоо тууралуу сүйлөшкөнүн, андан бери көрүшө да, сүйлөшө да электигин маалымдады.

Ахматбек Келдибековдун айтымында, ага түшкө кирбеген, жомоктогудай суроолор берилген. Бирок деталдарын айтуудан баш тартты.

Исмаил Исаков суракка чакыртууну боло турган шайлоо менен байланыштырды. Анын пикири боюнча, саясатчылар, сөз эркиндиги кысымга алынып, элди коркутуу жүрүп жатат.

Жанар Акаев эч качан эч жерден бийликти басып алуу аракетин көрбөгөнүн баса белгиледи.

"Тергөөчүгө эч качан бийликти басып алуу тууралуу сөз кылган эмесмин дедим. Артисттердин президентке кайрылуусу боюнча айта кетсем, эч качан митингге чыгууга үндөгөн интервью берген эмесмин", - деди депутат.

Анын айтымында, артистердин кайрылуусу жана бийликти басып алуу тууралуу аудио жаздыруу бир жасалган.

16-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалып, борбордук ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Ошол күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Асанов жана Сарыбаевге карата санкцияларды чыгарды. Асанов кооптуу кылмышкерлерди кармоочу жайга №50-СИЗОго жеткирилсе, Сарыбаев борбордогу СИЗО-1де.

***

Аны менен катар депутат Рыскелди Момбеков кесиптешине болуша кетти.

Экс-депутат Феликс Кулов Асанов менен ал кармалганга чейин бир күн мурун жолугушканын айтты.

"Мен андан генерал генералга жооп бергендей чынын айтчы, кандай оюң бар эле, деп сурадым. Ал эч кандай ою болбогонун ант берип айтты. Ал саясатка аралашуу ою да жок болгонун билдирип, келинчегинин ден соолугу менен алектенип жатканын билдирди", - деп Кулов айтып берди.

Ал мага ант берди, ошондуктан мен ага ишенем.

Кулов тергөөгө көптөгөн суроолор бар экенин айтып, мындай айыптоолор үчүн олуттуу далилдер керек экенин кошумчалады.

"Тергөөнүн кандай далилдери бар? Балким бул жөн эле жаманатты кылуу? Бардыгы сот учурунда белгилүү болот", - деди Кулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3553