Туйгунаалы Абдраимовду УКМКга сурак берүүгө чакыртышты. Себеби белгисиз
RU

Туйгунаалы Абдраимовду УКМКга сурак берүүгө чакыртышты. Себеби белгисиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКнын экс-төрагасы жана Чүй облусунун мурунку губернатору Туйгунаалы Абдраимов аны УКМКга суракка чактыртканын Kaktus.media редакциясына кабарлады.

Абдраимовдун айтымында, ал массалык камакка алуулар тууралуу уккан, бирок Азамат Мусакеевден тышкары дагы кимдер кармалганын билбейт.

"Мени да бүгүн, саат 15:00го суракка чакыртышыптыр. Бирок мен эртеңкиге, саат 09:00го жылдырууну сурандым, ошондо барам", - деди Абдраимов.

Ал өзү белгилегендей, эмне себеп менен чакыртылып жатканын билбейт.

Эске салсак, сентябрь айында Абдраимовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу иши боюнча суракка чакыртылган. Бирок мыйзамсыз байыган деген айып коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4501