Кайра бузуштубу? Садыр Жапаровдун аккаунту Текебаев жөнүндө кызыктай пост менен бөлүштү
RU

Кайра бузуштубу? Садыр Жапаровдун аккаунту Текебаев жөнүндө кызыктай пост менен бөлүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Өмүрбек Текебаев жөнүндө пост жайылып жатат. Колдонуучулар аны менен өзүн Садыр Жапаров деп атаган аккаунт бөлүшүп жатат.

Постту Абдыке Исманович деген колдонуучу жазыптыр. Эгер анын Facebook баракчасына көз чаптырсак, көпчүлүк посттору Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаровго каршы жазылган.

Бул ирет ал Текебаевди Караколдо бөлмөсүнө чакырып алып, зордуктаган кыздын жакындары Бишкекке барып сабап кетишти деп жазган. Кеп буга чейин социалдык тармактарга тарап жаткан аудио жөнүндө болуп жатса керек. Анда эркек киши (Текебаев имиш) менен белгисиз аялдын сөздөрү жаздырылган (белгилей кетсек, ал видеодогу сөздөрду талдап чыкканда зордуктоо жөнүндө айтылбайт, экөөнүн сүйлөшүүсүнөн улам жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен ишке ашып жатканын түшүнүүгө болот).

Постко Абдыке Исманович саясатчынын белгисиз кыз менен түшкөн сүрөтүн тиркеген.

Бул сүрөт 2013-жылы депутаттардын Кытайга барган иш сапары учурунда тартылган. Сүрөттү ошол кездеги ЖМКлардын билдирүүсүнө ылайык Өмүрбек Бакиров тарткан.

Бул пост менен Садыр Жапаров деп аты жазылган аккаунт бөлүшкөнүн колдонуучулар байкашкан.

Кийин репост өчүрүлгөн болчу.

Редакция азыркыга чейин комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз кызматы менен байланыша алган жок.

Белгилей кетчү жагдай, президенттин расмий баракчасынан ушундай тастыкталбаган жана корректүу эмес билдирүүлөрдү таратуу биринчи жолу болуп жаткан жок.

Маселен, анын баракчасынан Дастан Бекешевге катуу тие турган комментарий жазылган. Анда президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун баракчасын башка адам бузуп кирди, деп актанган эле.

Эске салсак, 1-декабрда белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Алардын бири саясатчынын телефонун жулуп кеткен. Саясатчынын айтымында, кол салгандар андан бийликке асылбоону талап кылышкан.

Саясатчы бул көрүнштү саясий террор деп атап, Садыр Жапаровду кол салууну буюргандарды жоопко тартууга чакырды. Кийин президенттин басма сөз кызматы өлко башчысы укук коргоочу органдарга бул ишти тез арада иликтеп чыгуу тапшырмасын берди, деп маалымат таратышкан. 2-декабрь күну эртең менен Бишкектин ШИИБси шектелүүчү кармалганын, ал 1998-жылкы жаран экенин маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4613