Россиядагы дворник пранктын катышуучусу болуп калды. Ал кыргызстандык болушу мүмкүн. Видео
RU

Россиядагы дворник пранктын катышуучусу болуп калды. Ал кыргызстандык болушу мүмкүн. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

YouTube'дагы Abracadabra.TV долбоорунун катышуучулары кезектеги пранк уюштурушкан.

Бул ирет алып баруучу, тамак сураган абышка болуп кийинген. Анын сынынан өткөндөргө акчалай сыйлык берилди.

Пранкер өто кымбат эмес азыкт-түлүк дүкөнүнүн кире беришине туруп алып, ары-бери өткөндөргө ачка экенин айтып, кайыр сурап жатты. Айрымдары сатып алгандары менен бөлүшсө, башкалары тезирээк өтүп кеткенге аракет кылып жатышты.

Абышкага саналуулар гана жардам берген. Алардын катарында короо шыпыргыч да бар. Сырткы келбетине карай турган болсок, ал Орто Азиялык экени түшүнүктүү. Телеканалдын катталуучулары, кыргызстандык болушу мүмкүн деген ойлорун да жазышкан.

Дворник кайыр сураган абышкага жардам берүүгө макул болуп, дүкөндөн жегенге тамак алып чыгып берди.

"Жардам сургандарга жардам бериш керек", - деди ал.

Абышка ага ырахматын айтып, открытка белек кылды. Анын арткы бетинде акча бар болчу. Алгач короо шыпыргыч акчаны кайра кайтарууга аракет кылды.

"Жок, кереги жок. Менин акчам бар", - деп баш тартты.

Бирорк абышка, анын акчасы андан да көп экенин айтып, "кайрымдуулук кылганың үчүн" деп ынандырды. Азия улутундагы жаран бир чети тан калып, бир чети уялып акчаны алды.

7 мүнөт, 20 секунддан баштап көрүңүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4792