Бишкектин административдик соту БШКнын Жанар Акаев боюнча токтомун жокко чыгарды
RU

Бишкектин административдик соту БШКнын Жанар Акаев боюнча токтомун жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-декабрда Бишкектин административдик сотунун судьясы Чынара Досмамбетова Боршайкомдун токтомун жокко чыгарды. Ал токтом боюнча парлментте аялдардын мандатын бөлүштүрүү өзгөртүлгөн болчу.

Ошону менен "Альянс" партиясы мандат бөлүштүрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын соттон утуп чыкты. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге адвокат Марат Карыпов билдирди.

Эске салсак, БШК "Шайлоо учурундагы добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жана шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгын аныктоо тууралуу" токтомундагы аял жана эркектердин арасында мандат бөлүштүрүү пунктуна өзгөртүү киргизген.

Ал өзгөртүүнүн айынан депутат Жанар Акаев парламентке өтпөй, аял квотасы менен Токтобүбү Оргалча өтмөк. Партия жана Жанар Акаев мындай чечимге каршы чыкты.

Үч күндүн ичинде соттун чечимине каршы экениңди билдирсе болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4866