Садыр Жапаров: Ширшовду кабыл алып жатамбы, демек, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек
RU

Садыр Жапаров: Ширшовду кабыл алып жатамбы, демек, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деп кооптонушууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" гезитинин редакциясына берген маегинде билдирди.

Президент ушундан улам айрым депутаттар такталбаган маалыматтарды таратып жатат деп эсептейт.

"Биринчиден, парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент - сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.

Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат.

Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт", - деди Жапаров.

Мындан тышкары, элден пайда көрбөй, таза иштейм деп убада берди.

"Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем",- дейт өлкө башчы.

Президент Кыргызстан эли Курманбек Бакиевди унутту деп эсептейт.

"Бакиев акталат деген чагымчылдарга көңүл бурбагыла. Эл Бакиевди 12 жыл мурун унуткан. Аны Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков гана унута албайт", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6880