"75чилердин каты". Сотко мурдагы мэр Иса Өмүркулов келди (видео)
Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" аталган кылмыш иши боюнча кезектеги отурум өттү.
Бул жолку соттук процесске Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов келди. Ал журналисттерге күбө катары катышып жатканын айтып, башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Камчыбек Ташиевге карата "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууну пландаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул иш боюнча дагы жети адамга, анын ичинде Курманкул Зулушевге, Нурланбек Тургунбек уулуна, Бекболот Талгарбековго, Курсан Асановго, Курманбек Дыйканбаевге, Аалы Карашевге жана Эмил Узакбаевге да айып тагылган. Иштин материалдары жашыруун, сот отурумдары жабык эшик артында өтүүдө.
