Бекжан Темирханды эскерүү концерти болот. Түшкөн каражат анын мүдөөсүн аткарууга жумшалат
RU

Бекжан Темирханды эскерүү концерти болот. Түшкөн каражат анын мүдөөсүн аткарууга жумшалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти өтөт. Концерттен түшкөн каражат ырчынын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев жазып чыкты.

"Бекжан Темирхан менен жакындан тааныштыгым жок. Айтайын дегеним, Бекжанды жакындан билген сахналаш инилерим мага кеңешкени келишиптир. "Үй-бүлөдө баарын көтөргөн Бекжан эле, "шаардан үй алып, ата-эне, бир туугандарымды көчүрүп келсем" деген тилектери аткарылбай калды, кандай кеңеш бересиз, кандай кылсак туура болот?" деп. Айткан кеңешимди сиздерге дагы бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм. Көзү өтүп кеткен маркумдун жасалбай, аткара албай калган максат-ойлорун улантуу артындагы тирүүлөрдүн парзы деп түшүнөм.

Ата-энесине "үй алып берсем" деген аруу тилегин арбагы ыраазы болсун деп биз аткарууга белсенип турабыз.

11-декабрда Бекжан Темирханды эскерүү концертин өткөрөбүз. Бекжандын күйөрмандары концертке келип, ырларын угуп, концертке келе албагандар, мисалы алыстагы мекендештер атайын ачылган банктык эсепке каражат которсоңуздар болот. Түшкөн каражат толугу менен менин жеке көзөмөлүмдө болуп, Бекжандын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат", - деди Бейшекеев.

Эскерүү концерти 11-декабрда саат 19:00дө Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Каражат которуу үчүн:

  • Элсом - 0707104083
  • Мбанк - 0550104083
  • Оптима - 4169585355770560
  • Сбербанк - 2202 2023 3539 4833, +7 977 299 75 86 (Акылбек О.)

Сурап билуу номерлери:

0700644484, 0706 213 630

Белгилесек, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9351