2022-жылы кайсы белгилүү инсандарыбыздан айрылдык? Тизме
RU

2022-жылы кайсы белгилүү инсандарыбыздан айрылдык? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жыл оош-кыйыштары менен эсибизде калды. Kaktus.kg узаган жылда кыргыз эли кайсы белгилүү, чыгаан инсандарынан ажыраганын тизмектейт.

20-январда Баткен - Ош жолунда "Алай" футбол клубунун эки оюнчусу автокырсыктан каза болгон. Футбол клубу берген маалыматка ылайык, жол кырсыгына 21-жаштагы Асадбек Алимов жана 23 жаштагы Жахонгир Махмудов кабылышкан.

22-январда 92 жашы курагында мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Абакиров дүйнөдөн кайтты.

25-январда көрүнүктүү адабиятчы, "Манас" эпосунун изилдөөчүсү Сапар Бегалиев 88 жаш курагында көз жумду.

26-январда 74 жашында геолог, техника илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Канатбек Кожобаев кайтыш болду.

27-январда республикалык СПИД борборунун кызматкери, дарыгер Эркин Тостоков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

28-январда 76 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Абдысатар Калыбаев бул дүйнө менен кош айтышты.

10-февралда кикбоксинг боюнча Европа чемпиону Канатбек Сыдыгалиев 44 курагында каза болду.

12-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кайтыш болду.

8-мартта катуу оорудан улам профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын илимдерине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл мугалими Аманбек Жайнаковдун көзү өттү.

20-мартта Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, медицина илимдеринин доктору, невролог Арстанбек Мурзалиев бул дүйнө менен кош айтышты.

25-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00до неврология бөлүмүндө каза болуп калган.

4-апрелде Кыргыз Эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев кайтыш болду.

20-майда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов 72 жашында көз жумду.

7-июнда 69 жашында Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, генерал-майор Замир Молдошев каза болду.

10-июнда саясий талдоочу Марат Казакпаев комада жатып, эсине келбей көз жумду. Ал өмүрүн акыркы күндөрүн УКМКнын тергөө камак жайында өткөргөн.

8-июлда сүт өнөр жайынын инженер-технологу Дамира Чокоева узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

3-августта меценат, коомдук ишмер Жекшен Жамангулов каза болгон.

8-августта Казакстандын Нур-Султан шаарында кыргызстандык актриса Лариса Лебедева коронавирустан улам каза болгон. Актрисанын сөөгү Бишкекке коюлган.

18-августта 88 жашында Токтогул жана Курпсай ГЭСтерин толук кубаттуулукка чыгарган Кыргыз ССРинин эмгек синирген энергетиги Жамалбек Түлөбердиев каза болду.

20-сентябрда 56 жашында Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит каза болду.

18-октябрда 72 жаш курагында журналист, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Надежда Рябова дүйнө салды.

Ноябрь айында "Күзгү жалбырак", "Туңгуюк", "Карагул ботом" тасмаларынын режиссёру Темираалы Маймашев көз жумган. Ал бир канча убакыттан бери ооруп жүргөн.

10-ноябрда кечинде Боомдо жол кырсыгына кабылган ырчы Бекжан Темирхан каза болгон. Ал элге "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Шекерим", "Эрке", "Мадам", "Таптым", "Карлыгачым" жана башка ырлары менен таанылган.

14-ноябрда 73 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин медицина илимдеринин доктору, Медициналык академиянын оперативдүү хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору Абдрасул Калжыкеев каза болду.

20-ноябрда төкмө акын Курсант Нурматов оорудан улам кайтыш болгон.

20-ноябрда 73 жашында кыргыз самбосунун негиздөөчүсү, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо жана дзюдо күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлердин полковниги Николай Михайлов көз жумду.

22-ноябрда өлкөнүн туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов каза болду.

8-декабрда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов дүйнөдөн кайтты.

17-декабрда эмгек сиңирген машыктыруучу, насаатчы Эркен Акрамов дүйнө салды.

17-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев боор оорусунан улам каза болду.

Ал эми мекен чегин коргоп, тагыраагы, 14-17-сентябрда Тажикстандын аскерлери Баткен, Ош облустарынын аймактарына басып кирип, шаарларды жана айылдарды аткылаган. Анын кесепетинен кеминде 62 адам каза болуп, кеминде 206 адам жаракат алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9756