"Батуми" кафесин бузуу. Жактоочу Орунтаев президенттин уулуна таянып жатат деп эсептейт
RU

"Батуми" кафесин бузуу. Жактоочу Орунтаев президенттин уулуна таянып жатат деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун уулунун атын пайдаланып, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, жеке кызыкчылыгын көздөп, өзгөчө ири өлчөмдө мүлктүк пайда алуу максатында мыйзамсыз аракеттерди уюштурган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Батуми" кафесинин ээсинин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар Кайсын Абакиров менен Рустам Исаев билдирди. Алар Орунтаев мыйзамдуу негиздери жана сот өкүмү жок эле "Батуми" кафесин бузду деп эсептешет. Адвокаттар Орунтаевдин президенттин уулунун атын кантип колдонгонун так көрсөтпөгөнүн жана айткандарына далилдерди келтирбегенин белгилейбиз.

Жактоочулар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, менчик кол тийгис экенин, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эместигин айтышат. Алар менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү камакка алууга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими боюнча гана жол берилерин кошумчалашты.

"Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 6-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын жерди пайдалануу боюнча ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

"Эстоунд" ЖЧКсы тарабынан ушул убакка чейин эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес, бардык уруксат документтери алынган, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын 02.03.2021-жылдагы №993 Бишкек шаарынын башкы архитектурасы менен бекитилген архитектуралык-пландоо шарттары жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери "Эстоунд" ЖЧКсы тарабынан 339 300 сом жер салыгы, ал эми 19 жылдык жерди ижарага алуу үчүн 7 000 000 сомго жакын жер салыгы жергиликтүү бюджетке төлөнгөн, мындан тышкары 2021-жылдын май айынан баштап ай сайын товар жүгүртүүдөн 300 000 сом, бул жылына 7,5 млн сомго жакын жергиликтүү бюджетке түшүп, 50гө жакын адам жумуш менен камсыз болуп, татыктуу эмгек акы алып, Социалдык фондго чегерүүлөрдү камсыз кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Юристтер "Батуми" кафесинин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөрүн, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 000 000 сомго жакын экенин белгилешти.

Алар бардык уруксат кагаздары бар "Батуми" кафесин бузуу боюнча соттун чечими жок болгонуна карабастан Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын мэриясынын жана ИИМдин 100гө жакын кызматкерин тартуу менен кафени мыйзамсыз бузууну пландап, уюштуруп, мыйзамсыз аракеттерди жетектегин айтышты.

"Бизде Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты гана бар, анда Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген, бирок бул документ объекти бузууга негиз боло албайт.

Учурда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына арыздарды бердик", - дешти алар.

Кайсын Абакиров "Батуми" кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана аларды тез аранын инчинде камоону, оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, алардын аты-жөнүн жарыялоону талап кыларын жеке Facebook баракчасына жазды.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12498